Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Азия өнүктүрүү банкынын вице-президентин кабыл алды

Бүгүн, 22-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) вице-президенти Сяоюй Чжаону кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Премьер-министр Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүндө аталган банктын маанилүү ордун белгиледи. “Өкмөттүн алдына өлкөнүн ички дүң продукциясын 2017-жылга карата эки эсе жогорулатуу тапшырмасы коюлган. 2013-жылдын алгачкы 4 айынын жыйынтыгы биз туура багытта бара жаткандыгыбызды көрсөттү,- деди өкмөт башчы. Өз кезегинде Сяоюй Чжао аталган банктын жаңы президенти Кыргызстан менен кызматташтыкка чоң маани бере тургандыгын белгиледи. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өкмөттүн демилгеси менен эртең, 23-майда Бишкекте өтө турган мамлекеттик-менчик өнөктөштүк боюнча форумдун маанилүүлүгүн да белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан