Сокулук районунда 4 адамдын өлүмүнө себепчи болгон айдоочунун мас абалда болгону аныкталды

Сокулук районунда 4 адамдын өлүмүнө себепчи болгон айдоочунун мас абалда болгону аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1963-жылы туулган К.А. аттуу айдоочу наркологиялык текшерүүдөн өтүп, анын жыйынтыгында мас абалда экени аныкталган.

Айта кетсек, жол кырсыгы бүгүн түшкө маал аталган райондун Жаңы-Жер жана Октябрь айылдарынын ортосунда болгон. Анда айдоочу Мерседес үлгүсүндөгү унаасы менен жол жээгинде маршруттук такси күтүп турушкан үч аялды жана велосипедчен 12 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Төртөө тең ошол жерден каза болушкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондор:

1. 1952-жылы туулган Т.А. (Төмөнкү Чүй айылынын тургуну);

2. 2005-жылы туулган Айбек (Т.Анын небереси);

3. 1949-жылы туулган Л.Л. (Төмөнкү Чүй айылынын тургуну);

4. 1953-жылы туулган Э.Е. (Төмөнкү Чүй айылынын тургуну).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altysha89
2017-08-22 17:52:57
Жаман болуптур жараткан аллам бейишин берсин. .. жакындарына сабыр.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан