Сокулук районундагы кырсык 4 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн түшкө маал аталган райондун Жаңы-Жер жана Октябрь айылдарынын ортосунда болгон. Анда айдоочу Мерседес үлгүсүндөгү унаасы менен жол жээгинде маршруттук такси күтүп турушкан үч аялды жана велосипедчен 12 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Төртөө тең ошол жерден каза болушкан.
Азыркы тапта 1963-жылы туулган К.А. аттуу айдоочу кармалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
Алдын ала маалымат боюнча айдоочу мас абалда болгон.
Жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондор:
1. 1952-жылы туулган Т.А. (Төмөнкү Чүй айылынын тургуну);
2. 2005-жылы туулган Айбек (Т.Анын небереси);
3. 1949-жылы туулган Л.Л. (Төмөнкү Чүй айылынын тургуну);
4. 1953-жылы туулган Э.Е. (Төмөнкү Чүй айылынын тургуну).