Жогорку Кеңеште бүгүн, 23-майда өкмөттүн 2012-жыл боюнча отчёту каралат

Жогорку Кеңеш бүгүн, 23-майда өкмөттүн 2012-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётун карайт. Белгилүү болгондой, өкмөттүн отчёту буга чейин парламенттин комитеттеринде каралып, Коргоо жана коопсуздук комитетинен башка комитеттер ага "канааттандырарлык" деген баа берген. Көпчүлүк коалиция да өкмөттүн отчётун карап жактырган. Айта кетсек, комитеттерде өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, биринчи-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана башкалар өкмөттүн былтыркы иши боюнча баяндама жасап, аны жакташты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан