Өзбекстан Кыргызга Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каршы эмес. Бул тууралуу 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуудан кийин билдирди. Мирзийоевдин айтымында, ГЭС куруу маселеси президенттердин тар чөйрөдөгү сүйлөшүүсүндө талкууланды. Аталган ГЭСти курууга Өзбекстан катышарын, объект эки тарапка теӊ пайдалуу болушу үчүн ГЭСти жакшылап ойлонуп, акыл калчап куруу керектигин баса белгиледи Өзбекстан лидери.
Президент Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстан Кыргызга аталган ГЭСти курууга кескин каршы эле. Мисалы, 2013-жылы Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 68-сессиясында Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кыргызга жана Тажикстанга курула турган ГЭСтер Өзбекстанды тынчсыздантарын билдирген.
"Бизди Тажикстандагы жана Кыргыз мамлекетиндеги жаңы ири ГЭСтердин курулушу тынчсыздандырууда. Тактап айтканда, Аму дарыянын башында жайгашып, плотинасынын бийиктиги 350 метр болгон Рогун ГЭСи жана Сыр дарыянын башынан орун алып, бийиктиги 275 метр болгон Камбар-Ата-1 ГЭСи. Адистердин айтымында, бул долбоорлорду ишке ашыргандан кийин коркунучтуу экологиялык, социалдык-экономикалык кесепеттерди алып келет", - деген Камилов.
Камилов азыркы учурда дагы Өзбекстандын тышкы иштер министри. 5-сентябрда Шавкат Мирзийоев менен Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусуна, бир катар документтерге кол коюу аземине катышты (сүрөттө).
Өзбекстандын президенти Кыргыз кесиптешин Өзбекстанга иш сапары менен барууга чакырды. Иш сапар ушул жылдын октябрында болуп, анда чек ара боюнча жыйынтыктоочу келишимге кол коюлушу мүмкүн. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Мирзийоев президент Алмазбек Атамбаев коӊшу өлкөгө барганга чейин Кыргыз-Өзбек чек арасынын калган тактала элек бөлүгүн тактоону сунуштаганын айтып:
"Эмне үчүн болбосун, көп деле жери калган жок. Маселени жергиликтүү деӊгээлде эле чече бергидей шарт түзөбүз. Мурдагыдай жогору жактан уруксат сурабай, маселелерди жергиликтүү деӊгээлде өздөрү эле чечкидей кылышыбыз керек. Жооптууларга тапшырма берсек, алар жакшылап сүйлөшүп бир пикирге келишсин", - деди.
Маалыматка таянсак, Кыргыз-Өзбек чек арасынын 85 пайызы такталып бүтүп, тактала элек 15 пайызы калды.
Мирзийоев эки мамлекет кыска убакытта соода-экономикалык кызматташтык көрсөткүчүн жакшыртууга жетишкенин айтып:
"Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга көтөрөлү деген пландар бар. Ошону менен катар Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолунун курулушун жана Ош-Анжиян-Кашкар унаа жолунун курулушун тездетүү тууралуу макулдашууга жетиштик”, - деди.
Айта кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргызга болгон иш сапары бүгүн, 6-сентябрда жыйынтыкталат.