Өлкөдө 75 жаштан жогорку улгайган жарандардын 25 пайызы жаш балдарды карайт

Өлкөдөгү 75 жаштан жогорку курактагы жашоочулардын 25 пайызы жаш балдарды карайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындай маалымат БУУнун социалдык-экономикалык маселелер боюнча департаменти министрликтин өтүнүчү менен жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында белгилүү болгон. Сурамжылоого өлкөнүн аймактарында жашаган 50 жаштан жогорку курактагы 4000 тургун тартылган.

Пенсия курагындагы жарандардын көйгөйлөрүн аныктоодо алар пенсиянын төмөндүгүн, аймактарда социалдык, медициналык, тейлөө жана башка кызматтарга жеңилдиктердин аздыгын айтышкан. Мындан тышкары айылдарда жашаган улгайган аялдар жашоо үчүн шарттардын ыңгайсыздыгын билдиришкен.

Изилдөө иштери көрсөткөндөй, өлкөдөгү 50 жаштан жогорку курактагы үй кожойкелеринин 67 пайызы гана үйүндө муздак суу менен камсыз болгон. Ысык суу менен камсыздоочу жабдыктардын, жуунуучу бөлмөнүн, үйдүн ичинде жайгашкан даараткананын жоктугу улгайган жарандардын жашоосуна ыңгайсыз экендиги аныкталган. Айыл жеринде жашаган улуу курактагы тургундардын 5 пайызы гана газ менен камсыз болгон. Шаар жерлеринде газды улгайган жарандардын 58 пайызы колдонот.

Сурамжылоого катышкан жарандардын 25 пайызы эт жана балыкты азыктануу рационуна кошууга каражаты жетишсиз экенин айткан. Сурамжылоо иштери 1,5 жылга созулган.

"Бул иликтөөнүн алкагында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 2040-жылга карыялардын жашоо-шартын жакшыртуу боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгууну мерчемдөөдө", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
PROS
2017-09-06 21:21:28
Аттиң ай... небере жытын жыттаган чоң энелерибиз 25% эле экен деп түшүндүм (((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан