Жума күнү өлкө аймагындагы бардык мечиттерде Мьянмада каза болгон мусулмандарга багышталып Куран окулат

8-сентябрь күнү өлкө аймагында бардык мечиттерде Мьянмада каза болгон мусулмандарга багышталып Куран окулат. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

"Жума күнү өлкө аймагындагы бардык мечиттерде Мьянмада түзүлгөн кырдаалда көз жумган мусулман бир туугандарга багышталып Куран окулуп, бул кырдаалдын токтоп, жергиликтүү жашоочуларга болгон зомбулуктун мындан ары кайталанбашы үчүн Жараткандан дуба тилектер кылынмакчы", - деп айтылат дин башкармалыгы тараткан билдирүүдө.

Айта кетсек, Мьянмадагы кагылышуудан улам өлкөдөн качкан мусулмандардын саны 140 миңге жеткен. Жаңжал ушул жылдын 25-августунда мамлекеттеги аскерлер менен рохинджа мусулмандарынын ортосунда чыккан. Кагылышуудан 400дөн ашык адам каза болгондугу айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан