Бүгүн, 7-сентябрда парламентте премьер-министр жана өкмөттүн мүчөлөрү ант беришет. Айта кетсек, 25-августта Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынында каттоодон өткөн 102 депутаттын 97си өкмөттүн курамына жана программасына "макул" деп, 5 депутат "каршы" деп добуш берген. 18 депутат добуш берүүгө катышкан эмес. Эртеси 26-августта президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн курамын бекитүү боюнча жарлыкка кол койгон.