ЖЫЛНААМА, 7-СЕНТЯБРЬ: Бийлик мөөнөтүнүн узактыгы боюнча бүткүл союздук рекорд койгон мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 2 жыл мурда дүйнө салган

Партиялык жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев мындан 2 жыл мурун, 2015-жылы 7-сентябрда 96 жаш курагында дүйнө салган. Ал 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районунун Кочкор айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун, Москвадагы мамлекеттик педагогикалык институтту жана жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Орто мектепте мугалим, партиянын райкомунда бөлүм башчынын орун басары, Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин инструктору, жооптуу кызматчысы, "Советтик Кыргызстан" гезитинин редактору, партиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. СССР жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине 28 жолу, 1995-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

Турдакун Усубалиев 24 жыл, 5 ай, 24 күн Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчылык кызматын аткарып (1961-1985), бийлик мөөнөтүнүн узактыгы боюнча бүткүл союздук рекорд койгон. Ал башкарган доорду азыр тарыхчылар советтик империянын жеткен чеги, дүйнөнү солкулдатып турган таасирдүү учуру деп мүнөздөшөт.

Адабиятчы, тарыхчы Осмонакун Ибрагимов Турдакун Усубалиевдин Кыргыз өлкөсүн башкарган мезгилин өзүнүн китептеринде "Күмүш кылым" деп атаган. Анын пикиринде, бул чейрек кылым кыргыз маданиятынын, экономикасынын жылдыздуу жылдары болуп саналат.

Турдакун Усубалиев 7 монографиянын, көптөгөн брошюлардын жана макалалардын, бир нече автобиографиялык китептердин автору. Ал "Манас-1", "Ленин", "Октябрь революциясы", "Эмгек Кызыл Туу" ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган. Мамлекетке кылган эмгеги үчүн 1999-жылы 80 жылдык мааракесине карата "Ак шумкар" өзгөчө белгиси менен сыйланган жана Кыргыз Республикасынын Баатыры деген эң жогорку артыкчылык даражасын алган.
7-сентябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Hadyja
2017-09-07 22:40:22
Сыймыктанам кичине мекенимдин ушундай Баатыр атуулу менен
-1
Jyrgal_msk
2017-09-08 14:28:55
Коп жерлерди Озбекстанга тартуулап жибергени менен элдин эсинде калды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан