Бүгүн, 7-сентябрда саат 11:48де Жогорку Кеңеште 25 депутаттын катышуусу менен жыйын өтүүдө. Ал эми катталган депутаттардын саны 95 деп турат.
Жыйында жалпы 8 маселе каралган. Өкмөттүн мүчөлөрү ант берип, күн тартибиндеги ар кандай маселелер каралгандан кийин депутаттар саат 11:00дө 15 мүнөттүк тыныгууга чыгышкан. Андан кийин алардын саны бир топко азайган.