Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү ант беришти.
Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишине ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан дайындалган премьер-министр менен өкмөт мүчөлөрү парламентте ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.