Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаров көрсөтмө берүүдө

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаровго карата чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз каралууда.

Соттук отурумдун жүрүшүндө жактоочу Шарабидин Токтосунов күбө катары Аскарбек Жапаров аттуу адамды суроо өтүнүчүн келтирди. Келтирилген өтүнүч боюнча прокурор каршы болду. Ал эми сот келтирилген өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырды.

Жактоочунун камактагы Мажитовду суракка чакыруу боюнча кийинки өтүнүчү да канааттандыруусуз калтырылды.

Отурумдун жүрүшүндө Садыр Жапаров көрсөтмө берди.

"Мен "Кумтөрдү" жакшы билем. "Кумтөрдү" иштетип жаткан канадалык ишкерлерден 2003-жылы сураганыбызда алар күнүнө 150 килограмм алтын өндүрүлө турганын айтышкан. Ал эми күмүштүн эсеби жок. Кайда жумшалып жатканын да сураган эч ким жок. Кийин мен Жогорку Кеңешке депутат болгондо "Кумтөр" маселесин көтөрүп текшерүүнү сунуштагам. Андан соң тажрыйбасы мол саясатчылар менен биргеликте сот системасына реформа жасоо боюнча атайын мыйзам жазып чыктык. Ошол эле учурда "Мегаком" компаниясын 100 пайыз мамлекетке алууну айтып чыккам. Кийин дагы бир жолу "Кумтөр" маселесин көтөрүп, депутаттар мени 2012-жылы февраль айында "Кумтөрдү" изилдөөчү комиссиянын төрагасы кылып дайындашкан. Ошол учурда экологияга, экономикага келтирилген миллиарддаган зыяндарды ачыктадым. Мына ошол көтөргөн көйгөйлөрдүн аягында мага миллиондогон акчаларды ортомчулар аркылуу сунушташты. Бирок мен макул болбой койгом. Кийин өмүрүмө коркунуч келе баштаган. "Кумтөрдөгү" маалыматтарды ачыктагандан кийин эл митингге чыга баштаган. Мен бир да митингге аралашкан эмесмин. Жыйынтыгында акыйкатты айтканым үчүн камалып отурам", - деп билдирди Садыр Жапаров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
urmat94
2017-09-07 15:55:31
Прокурорлор сотту башкарып алыптыр сот уят
+3
take.kg86
2017-09-07 16:27:28
Ак ийилет бирок сынбайт аллах көрүп билип турат. Бул адилетсиз соттордун күнүда бүтөт аз калды
+3
jaazira13
2017-09-08 11:49:46
кумтордон пара алыш учун эле элди дурбулотчу
0
Belekus
2017-09-08 11:52:16
саруулук балдарын тагдырын бузган
0
dysha
2017-09-08 11:54:22
бакиев менен аралашып кылган иштерине иш козгогондо кумтор деп кыйкырып чыккан
0
idin
2017-09-08 12:03:56
менде фактылар бар деп кыйкырчылего гана алар?
0
jaazira13
2017-09-08 12:05:19
Минскке барып эмне кылганын айтып бербейби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан