«Centerra Gold Inc.» эмнеге «Thompson Creek’ти» сатып алды жана андан Кыргызстан кандай пайда ала алат?

«Centerra Gold Inc.» 2016-жылдын июль айында активинде бир нече алтын, жез, молибден (ак жылтырагы бар катуу металл) кендери болгон түндүк америкалык «Thompson Creek Metals Inc.’тин» тоо-кен компаниясынын 100 пайыздык акцияларын сатып алган. Баары жакшы өңүттө келе жатканы менен, Жогорку Кеңештин депутаттарына мындай кадам жаккан жок. Дал ушул маселени эл өкүлдөрү парламенттин кезексиз жыйынында Сапар Исаковду премьер-министр кызматына бекитип жаткан маалда эстешти. Өмүрбек Бабанов жана башкалар Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүн “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы үлүшүн 32,1 пайыздан 26,6 пайызга чейин төмөндөп кетишине жол бергендиги үчүн жемелешти.

“Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасынын экономика, каржы жана инвестициялар боюнча орун басары Бектур Сагынов келишим кантип түзүлгөндүгүн жана келечекте Кыргызстанды кандай перспективалар күтө тургандыгын айтып берди.

— «Thompson Creek» компаниясы чындыгында оор каржылык абалда турду беле?

Компанияны сатып алуу боюнча келишимди жактыруу чечими “Кыргызалтын” ачык акционердик коому тарабынан Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө көрсөтүлгөндөрдүн каршы добуш бергендигине карабастан кабыл алынган.

Ошол эле маалда түзүлгөн кырдаалды баалоо менен бирге канадалык компаниянын активдерине токтогум келет. «Thompson Creek» компаниясынын негизги активи болуп заманбап байытуучу фабрикасы бар "Маунт Миллигэн" алтын жана жез кени болуп саналат. Ал жерде 177 тонна алтындын жана 991 миң тонна жездин запасы бар.

«Thompson Creek» компаниясы "Маунт Миллигэн" кенин иштетүү долбооруна ээ болуу укугун 650 миллион Канада долларына сатып алган. Курулуш иштерине 1,8 миллиард АКШ долларын жумшаган. 2014-жылы руданы казуу жумуштары башталган. Бир унция алтынды өндүрүүдөгү өз баасы орточо 625 АКШ долларын түзөт, бул болсо тармактагы эң төмөн баа деп эсептелинет.

2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында «Маунт Миллигэн» кенинде 102,3 миң унция алтын жана 12,5 миң тонна жез казылып алынган. 106,2 миң унция алтынды жана 12,7 миң тонна жезди 162,7 миллион АКШ долларга реализацияланган.

Компаниянын активинде Эндако (Канада), Томпсон Крик (АКШнын Айдахо штаты) кендери бар. Аталган кендерден алынган концентранттарды кайра иштетүү боюнча АКШнын Пенсильвания штатында «Лэнгелот» металл заводу ишке киргизилген. Бул завод дүйнөдөгү молибденди толлинг (ред. чет элден алынып келген сырьёну кайра иштетип даяр продукция чыгаруу) боюнча кайра иштетүүдөгү ири мекемелердин бири.

«Centerra Gold Inc.» эсептөөсү боюнча биринчи беш жылдыкта заводго ишинен түшө турган каражаттын көлөмү 650 миллион АКШ долларын түзөт.

— Депутаттардын маалыматына ылайык, «Centerra Gold Inc.» компаниясы «Thompson Creek» компаниясын 1,1 миллиард АКШ долларына сатып алган, анын кесепетинен улам кошумча акцияларды чыгаруу менен «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун үлүшү төмөндөп кеткен...

Ооба, чындыгында келишимдин жалпы көлөмү 1,1 миллиард АКШ долларын түзгөн. Экономикалык серепчилердин баалоосу боюнча 100 пайыз акцияларды сатып алуудагы адилеттүү баа 1 миллиард АКШ долларынан 1,15 миллиард АКШ долларына чейин түзөт.

Келишим төмөндөгү каржылык түзүмдүн негизинде жасалган:

  • «Centerra Gold Inc.» 112,3 миллион АКШ долларына 22 миллион 327 миң 218 акция чыгарган "Thompson Creek" компаниясынын акцияларын сатып алганга. Алар канадалык компаниянын мурдагы акционерлерине сунушталган.
  • 881 миллион АКШ долларын түзгөн «Thompson Creek» компаниясынын карыздык милдеттенмелери накталай акча менен төлөнгөн, алардын ичинде «Thompson Creek» компаниясынын (65,6 миллион АКШ доллар) жана «Centerra Gold Inc.» компаниясынын (381,4 миллион АКШ доллар).
  • «Centerra Gold Inc.» сатылган акциялардан 141,1 миллион АКШ долларын алган. Бир нече канадалык банктар компанияга дагы 325 миллион АКШ доллар которгон.

Мындан улам кошумча чыгарылган акциялардын негизинде жүргүзүлгөн келишимди каржылоонун үлүшү 23 пайызды же 1,1 миллиард 253,4 миллион АКШ долларын түздү.

Жогоруда белгиленгендей, бир гана баштапкы беш жылдыкта мекеменин ишинен түшө турган каржылык пайда 650 миллион АКШ доллары болуп, 325 миллион АКШ доллары өлчөмүндө болгон карызды эки жылдын ичинде «Маунт Миллигэн» кенинен түшкөн каражаттын эсебинен “Кумтөрдүн” акчасына тийишпестен кутулууга шарт түзүлөт.

«Thompson Creek» компаниясын сатып алуу менен «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна тийиштүү акциялардын саны (77 миллион 401 миң 766) өзгөргөн жок, бирок баалуу кагаздардын кошумча чыгарылышы “Кыргызалтындын” «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы үлүшүн 32,1 пайыздан 26,6 пайызга төмөндөшүнө алып келген.

Баса белгилеп кетким келет, келишимдин жыйынтыгы менен башка акционерлердин да үлүшү төмөндөөгө кириптер болгон.

— Бул дивиденддердин төмөндөшүнө алып келеби?

— “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун "Centerra Gold Inc." компаниясындагы үлүшүнүн кыскаруусу менен дивиденддердин өлчөмү азаят деген уламыштарды да жокко чыгаруу зарыл. Үлүштүн кыскартылышы “Кыргызалтын” ААКнын каржылык кирешесине таасир этпейт, "Centerra Gold Inc." компаниясына катышуусунан дивиденддерин алат. 2012-жылдан тартып, компаниянын дивиденддик саясатына ылайык, алар ар бир акцияга күнүнө 0,04 канадалык доллар өлчөмүндө чейрек сайын төлөшкөн. Отчёттук кварталда, компаниянын кирешелүүлүгүнө же чыгашалуулугуна карабастан, төлөмдөр үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн.

Жылына "Кыргызалтын" 77 миллион 401 миң 766 акциянын дивиденддерин алган, 12 миллион 384 миң 282,6 канадалык долларды түзөт (учурдагы алмашуу курсу 10 миллион АКШ доллар).

Анткени дивиденддер акциялардын санынын негизинде төлөнөт, алар өзгөрүүсүз калган, үлүштүн кыскартылышы алардын өлчөмүнө таасир этпейт.

Мындан тышкары "Thompson Creek" сатып алуу менен, алтын өндүрүүнүн көлөмү кыйла өсөт. “Маунт Миллигэн" кен ишканасындагы алтын өндүрүшүнүн салыштырмалуу төмөн наркы "Centerra Gold Inc." жалпы кирешесин дээрлик эки эсеге көбөйтөт.

Эл аралык талдоочулардын эсептешине караганда орто мөөнөттүк мезгилге унция алтындын болжолдонгон баасы 1 миң 270 АКШ доллар, алгачкы 10 жыл ичинде, "Маунт Миллигэндин" иштетүүнүн накта кирешеси 900 миллион АКШ долларын түзүшү мүмкүн.

Бул "Centerra Gold Inc." акционерлерине дивиденддерди көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. "Кыргызалтын" ААКнын дивиденддеринин өлчөмү жылына 20 миллион АКШ долларына чейин өсүшү мүмкүн деп болжолдонууда.

— "Республика-Ата Журт" фракциясы канадалык компанияны сатып алуу менен, "Кыргызалтындын" үлүшүнүн төмөндөшүн иликтөө үчүн парламенттик комиссияны түзүүнү пландаштырууда. Өкмөт өлкөнүн бүтүмүнүн мыйзамдуулугун баалады беле?

— "Кыргызалтын" "Baker & McKenzie" канадалык юридикалык консультанты менен биргеликте "Thompson Creek”ти сатып алуу боюнча Канаданын мыйзамдарына, фондулук биржанын талаптарына жана учурдагы келишимдерге ылайык, ошондой эле ачык акционердик коомдун акционери катары мүмкүн болуучу укук бузууларды аныктоого талдоо жүргүзүштү.

Биринчи кезекте юридикалык консультанттын пикири боюнча, бүтүм "Centerra Gold Inc." менен "Кыргызалтын" ААКнын келишимдик мамилелерге ылайык жүзөгө ашырылганын белгилеп кетүү зарыл. 2009-жылы түзүлгөн жаңы шарттар жөнүндө келишимдердин (ШЖК) жана акционерлер кайрадан караган келишимдердин жоболорунун негизинде, "Centerra Gold Inc." директорлор кеңеши жактыргандан кийин жаңы акцияларды акционерлердин жактыруусу жок чыгарууга болот. Шарттар жөнүндө келишимде жаңы кендерди алууну каржылоо үчүн жаңы акцияларды сүйлөшүп алуу каралган.

Юридикалык консультанттын пикири боюнча, "Centerra Gold Inc." менен "Кыргызалтын" ААК келишимдик мамилелерге ылайык бүтүм ишке ашырылган. Мурда түзүлгөн келишимдерге ылайык "Centerra Gold Inc." акционерлердин жактыруусу жок жаңы акцияларды чыгарса болот.

Келишимдин жоболоруна жана бүтүмүнө ылайык, ошондой эле бүтүмдүн Канаданын мыйзамына толук шайкештиги, корпоративдик маселелерди жөнгө салуу жана баалуу кагаздар рыногу “Кыргызалтын” ААК сот тартибинде “Centerra Gold Inc.” доо талаптарды берүүдөн ажыратат.

Тилекке каршы, эгерде "Centerra Gold Inc." жетекчилиги акцияларды чыгаргысы келсе, акционерлердин жактыруусусуз талап кылбаган “Кыргызалтын" акционери катарында дагы эмес, директорлор кеңешиндеги өзүнүн үч өкүлү катарында да ээ эмес кошумча эмиссияларды жокко чыгарууга реалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ боло албайт.

Депутаттык комиссия ушул убакка чейин жаңы жана белгисиз эч нерсе таба албайт.

— «Centerra Gold Inc.» акционерлери "Thompson Creek" алуу менен кандай артыкчылыктарды алышат?

— Акыл калчоо менен кырдаалды баалоодо, «Thompson Creek» өндүрүштүк жана каржы-экономикалык мүнөздөмөсүн «Centerra Gold Inc.» акцияларын кармаган көз караштан деталдуу карап чыгуу менен, бир катар материалдык артыкчылыктарды бөлүп кароого болот.

Биринчиден, «Thompson Creek» алуу жана жаңы активинен кошумча кирешелерди алуу менен «Кыргызалтын» ААК дивиденддеринин көлөмү көбөйөт.

Экинчиден, "Кумтөр" долбоору боюнча Кыргызстан менен "Centerra Gold Inc." учурдагы өз ара оор маселеси башка кен казып алуучу компаниялардын соода боюнча даражасынан бир кыйла начарлаган үлүш кагаздар рыногундагы саясий тобокелдиктеринин төмөндөшүнө алып келет.

"Кыргызалтын" ААК баалоосу боюнча, азыркы алтынга болгон баанын билинбеген өйдө-ылдый болушун сактап калуу шартында "Кыргызалтын" ААК "Centerra Gold Inc." акциясынын баасы Кыргызстан менен болгон мамилесин чечип алган учурда, 440 миллион АКШ долларынын 650-800 миллион АКШ долларына чейин өсүшү мүмкүн.

Үчүнчүдөн, бул иш «Centerra Gold Inc.» активдеринин портфелдеринин мөөнөтүн узартат. «Маунт Миллигэн» кенин ишке киргизүү мөөнөтү 2037-жылга эсептелген. Бул "Кумтөр" ишканасындагы өндүрүш аяктагандан кийинки мезгил үчүн акча агымынын алтын өндүрүү жана сактоо мөөнөтүн, бери дегенде 10 жылга узартат. Бул "Кумтөрдүн" иши аяктагандан кийин да «Кыргызалтын» ААК акциясынын баасын сактап калат.

Төртүнчүдөн, мен айткандай «Thompson Creek» молибденди кайра иштетүү боюнча ири металлургиялык комбинаты бар.

Баалардын ылдый болушуна байланыштуу молибден кени жабылган, эгерде баалар көтөрүлсө кыска убакыт аралыгында кайрадан ишке кириши мүмкүн. Молибден активдери абдан кирешелүү, баалар түшкөнгө чейин алардын жылдык кирешеси 125 миллион АКШ долларына жеткен.

Thompson Creek сатып алуу менен «Кыргызалтын» ААК «Centerra Gold Inc.» 26,6 пайыз үлүшү абсолюттук баада бир топ жогору болуп, «Thompson Creek» пайызсыз эле бир топ чоң киреше алып келет.

Башка сөз менен айтканда, «Кыргызалтындын» Centerra Gold Inc үлүшү азайган, ошол эле учурда үлүш өзү бир топ эсеге өскөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
shumkar.kg
2017-09-08 09:41:42
А жаратылыш табиятыбызчы?Эмнеге ал жонундо ойлоп да койушбайт.Могулорубуз ээрип зыян заттар аябай кобойдуго Кыргызым!!!
0
jaazira13
2017-09-08 11:51:32
20 жыл дидвиденд алабыз!
0
idin
2017-09-08 12:04:32
jaazira13,ошол жакшыда, 20 деген аябай чон эле моонот
0
Belekus
2017-09-08 11:53:21
элге туура тушундуруп айтыш керек, кумтор токтогондон кийин дивиденд ала берерибизди
0
dysha
2017-09-08 12:03:09
экологияга толомдору он эсе кобойтту, жакындале окмот менен келишим тузулдуго
0
jaazira13
2017-09-08 12:06:02
дивиденддер жакшы нерсе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан