"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы жол чырактар оңдоо иштери аяктаган соң ишке берилди

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунун Исхак Раззаков көчөсүндөгү жол чырактар оңдоо иштери аяктаган соң ишке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Ош шаардык жолдор башкармалыгынан билдиришти.

"Аталган көчөдөгү жол чырактар оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу иштебей жаткан. Бүгүндөн тарта ишке берилди", - дешти алар.

Белгилей кетсек, кечээ, 6-сентябрда окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы Исхак Раззаков көчөсүндө 2 күндөн бери жол чырак иштебей жатканын, Патрулдук милиция кызматкерлери ал дарекке бара электигин айтып, билдирүү жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан