Сокулуктун Шопоков шаарында темирди кайра иштетүүчү заводдон чыккан түтүн жашоочуларга терс таасирин тийгизүүдө

Сокулук районунун Шопоков шаарында темирди кайра иштетүүчү заводу экологиялык талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Заводдон чыккан түтүн жашоочулардын ден соолугуна зыян келтирүүдө. Жергиликтүү тургундар темир иштетип жаткан заводдун жетекчилигине бир нече ирет кайрылып, бирок майнап чыккан эмес. Суткасына 24 саат иштеген ишканадан чыккан жагымсыз жыт айланасында жашаган жашоочулардын үйүнө жана бакча өсүмдүктөрүнө терс таасирин тийгизип жатканы аныкталды. Натыйжада мөмө-жемиштер куурап, алма бактар соолуп, калктын көпчүлүгү тери оорулары менен жабыркай баштаган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, текшерүү иштеринин негизинде ишкананын ишмердүүлүгү токтотулган. Учурда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция тарабынан комиссия түзүлүп, иликтөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arlenchik
2017-09-07 21:52:41
Туура кыласынар, жакшылап иликтоо жургузуп жашоочуларга терс таасирин тийгизип атса заводтун ишмердуулугун токтотуш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан