Нарында заманбап мал союучу цех ачылды

Нарын облусунун Кочкор айылында 7-сентябрда заманбап мал союучу цех ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустук өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземинде өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов малды асылдандырууга болгон аракеттер жөнүндө, ошондой эле өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын экспорттоо багытында аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Мындан сырткары ишкана аркылуу калктын малын жеткиликтүү баада кабыл алууга жана анын продукциясын иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилеп, тиешелүү келишимдер аркылуу алыска барбастан мал ээлери ишкана менен иштешүүгө болорун билдирди.

"Мал киндиктүү аталган облуста Совет мезгилинен кийин айыл чарба продукцияларын иштетүү жана кайра иштетүү солгундап калганы көпчүлүккө маалым. Акыркы мезгилде облустун өнүктүрүү стратегиясына ылайык, бул багытта ишти жандандыруу боюнча бир катар аракеттер көрүлүүдө. Жеке ишкерлер тарабынан, жергиликтүү бийлик тарабынан дагы долбоорлор иштелип чыгып, тиешелүү жактарга сунушталып келген. Максаттарыбыз четинен ишке ашып, калктын мүдөөсү орундалып жатат. Себеби айыл чарба продукцияларын иштетүү боюнча толук кандуу шарттар түзүлүүдө".

А.Кайыпов долбоорду ишке ашырып жаткан ишкана жана мал союучу жайды ачууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн эл аралык өнүгүү агенттигинин жетекчилигине ыраазычылык айтты.

Түркиялык технология менен курулган мал союучу жай суткасына 30 баш бодо союуга ылайыкталган. Анда лаборатория, малды карантинге кармоочу жайы, бордоп семиртүүчү жайлары камтылган. Инвестициялык жалпы көлөмү 40 миллион сомду түзгөн ишканада 15 жергиликтүү тургун иш менен камсыз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Adilet_adi
2017-09-08 09:33:16
А жакшы, элге жакшы болот эле эт экспорт кылынып, мал которулсо
+1
Farhad.baku
2017-09-08 09:35:20
Айланайын айылым элге жакшы болду
+1
Ayida
2017-09-08 11:15:56
Адал сойулабы?Же апарат менен уктатып анан сойотбу
+2
Azatbek83
2017-09-08 16:09:06
Ток менен олтургону башына чаап олтургондой болот.Андай кылып малды кыйнап олтургондон коро он беш эмес отуз адамды алсын малды адал сойуп беришет.
0
Azat.97
2017-09-08 16:18:51
Нарыным!Сагындым....
0
tyrgon
2017-09-08 22:32:04
нарында карантин дейби сибирский язва деп админ жооп бер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан