Ажы сапарына кеткендердин биринчи тобу бүгүн Бишкекке кайтып келет

Ажы сапарына кеткендердин биринчи тобу бүгүн, 8-сентябрда Бишкекке кайтып келет. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз катчысы Максатбек Атабаев SUPER.KG`ге кабарлады.

Маалыматка ылайык, быйыл Кыргыз өлкөсүнөн ажы сапарына зыярат кылуу үчүн 4885 адам сапар тарткан. Басма сөз кызматы азырынча зыярат учурунда ден соолугунан жабыр тартып же каза болгон жарандар тууралуу маалыматтар түшпөгөнүн айтты.

"Бүгүн бир каттам менен түнкү саат 01:00 чамасында 300 адам Бишкекке келет. Сапардан кайткандардын акыркы агымы 20-сентябрда жыйынтыкталат. Ар бир каттамда 300дөн адам Бишкек жана Ош эл аралык аэропортторуна түшөт. Быйыл жылдагыдан айырмаланып, сапарга барган зыяратчыларды 13 дарыгер коштоп барды. Мурда 10 дарыгер барчу. Быйыл Cаламаттыкты сактоо министрлиги ажы сапары үчүн жакшы көңүл буруп, ыраазычылык билдирип жатабыз", - деди Атабаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Askarbek15
2017-09-08 09:32:55
Аллахым Ажыга барганды баарыбызга насип этсин
+2
salimbek87.kg
2017-09-08 09:45:06
АЖыңыздар кабыл болсун ажы ата ажы энелер баардык мусулман бир туугандар ажыга барган насип кылгын Аллахым аммиин.
+2
kokboru
2017-09-08 10:23:39
Супер инфо,велосипед менен 70 жаштагы атабыз барам деп жатты эле,ошол жөнүндө маалымат берип койгулачы.Ал бара албай калганго сыягы
0
salimbek87.kg
2017-09-08 10:39:20
kokboru,ал эки күндө кайткан
туркиянын границасыдан.
+1
admin_superstan
2017-09-08 12:05:56
kokboru, саламатсызбы! Бул тууралуу төмөнкү шилтемеден окуй аласыз. https://www.super.kg/kabar/news/191017/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан