Түркияда көчөдө калган Кыргыз жараны бүгүн, 8-сентябрда мекенине кайтып келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги "көчөдө калды" делген аялдын аты-жөнүн тактап, 1987-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну экенин аныкташкан эле.
"Аны алгач көчөдө өзүн ар кандай абалда алып жүргөндүктөн полиция кармап кеткен. Элчилик аны бошотуп, Анкаранын мамлекеттик ооруканаларына жаткырып, тиешелүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн. Түркияда активдүү мекендештер жол киресине жардам беришип, бүгүн ал Кыргыз жерине кайтып келе жатат. Атасы менен байланышка чыгышканда ал кызын аэропорттон тосуп аларын билдирген. Кыздын тагдырынын оң жагына чечилишине жардам бергендерге ыраазычылык билдирем", - дейт ТИМдин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева.
Эске салсак, интернеттеги социалдык тармактарга Анкарада эс тутумун жоготкон аял тууралуу маалымат тараган. Анда "бул аялды тааныгандар барбы? Сүрөттөрдү мурда Кыргыз жеринде иштеп кетишкен түрк кесиптештер жөнөтүштү. Айтымдарында, ал аял Анкарада көчөдө жүрөт, атын да айта албайт" деп жазылган эле.