Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясы Мамлекеттик мүлк фондунун жана "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасынын маалыматын угууда. Фракция лидери Өмүрбек Бабанов "Кыргыз алтындын" "Центерра Голд Инк." компаниясындагы үлүшүн азайтууга жол берген өкмөт мүчөлөрүн сынга алды.
"Саясат бир тараптуу болсун. Бирок "Кумтөрдү" коргой турган убакыт келди да. Чыккынчылык келишими болду. Бир миллиард долларга "Центерра" сатып алып жатат. Ошол акчаны Кыргыз жергесине бериш керек да. Биздин акциялардын саны азайган жок, пайызы азайды, 33төн 26га түштү деп айтып жатасыздар. Мындай жол менен "Центерра" бардык акча ресурстарды Кыргыз өлкөсүнөн максималдуу түрдө алып чыгып жатат. Биз, өзүбүз башкара албай жатабыз. Кеп ошондо болуп жатат. Мен үчүн бул келишим ошол иштеп жаткан өкмөттүн эң чоң катасы болот. Акциялардын пайызынын түшүп кетиши бул чыккынчылык. Бул боюнча убагы келгенде иш козголот", - деди Бабанов.
Айта кетсек, 2016-жылы "Центерра Голд Инк." компаниясы түндүк америкалык "Thompson Creek Metals Inc." тоо кен компаниясын сатып алган. Келишимдин баасы 1,1 миллиард долларды түзгөн. Буга байланыштуу "Кыргыз алтындын" "Центерра Голд Инк." компаниясындагы 32,7 пайызды түзгөн үлүшү 26,26 пайызга чейин ылдыйлаган.