Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясы мамлекеттик мүлк фондунун жана "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасынын маалыматын укту.
Фракция лидери Өмүрбек Бабанов "Центерра" тарабынан инвестиция катары түндүк америкалык "Thompson Creek" компаниясына которулуп кеткен бир миллиард долларды которуу туура эмес чечим болгонун айтты. Өкмөт мүчөлөрү бул келишимдин туура эмес болгонун моюнуна алып, ага каршылык көрсөтүүгө кыргыз тараптын өкүлдөрүнүн добушу жетишсиз болгонун кошумчалады. Өмүрбек Бабанов добуштардын жетишсиздигин акциялардын пайыздарынын азайып кеткенине байлады.
"Центерра" Кыргыз тараптын акцияларын азайтып, бизсиз чече турганга баратат. Аскар Акаевдин заманында 16 пайызга түшүргөн. 2005-жылы революциядан кийин биздин үлүш 35 пайызга көтөрүлгөн. Эми азыр кайра 26 пайызга түшүп жатат. Ошол "Thompson Creek" компаниясына которулган 1 миллиард доллардын 32 пайызы Кыргыз үлүшү. Өзүбүздүн каражатты Кыргыз жерине инвестиция кылбаган компанияга биз чара көрүшүбүз керек. Анткени акциялар 32 пайыз болгондо бул келишимдин алдын алса болот. Азыр "Центерра" экологиялык зыяндар үчүн камакка алынган 380 миллион доллар каражатты алып чыгабыз деп жатат. Биздин акциябызды ордуна алып келгиле, анан акчаны бошотобуз деп айткыла. Бул экономикалык талаш. Юридикалык тил менен кетиши керек. "Thompson Creek" бул чыккынчылык болду. Ошол жакка кеткен акчаны Кыргыз жериндеги кен байлыктарды иштетүүгө жумшаш керек болчу", - деди Бабанов.
Талкуунун жыйынтыгында фракция "Кумтөр" боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн жана "Центерранын" жетекчилигинин ишинде кылмыштын курамы бар же жогун карап чыгууну сурап Башкы прокуратурага жана УКМКга кайрылууну чечкен.
Айта кетсек, 2016-жылы "Центерра Голд Инк." компаниясы түндүк америкалык "Thompson Creek Metals Inc." тоо кен компаниясын сатып алган. Келишимдин баасы 1,1 миллиард долларды түзгөн. Буга байланыштуу "Кыргыз алтындын" "Центерра Голд Инк." компаниясындагы 32,7 пайызды түзгөн үлүшү 26,26 пайызга чейин ылдыйлаган.
"Thompson Creek Metals Inc." аракеттеги компания болуп саналат, анын активинде алтын, жез, молибден өндүргөн кендер бар. Аталган компанияны сатып алуу менен "Центерранын" алтын өндүрүүсү кескин жогорулайт", - дешкен "Кыргыз алтын" ишканасынан.