"Текебаевдин сотунда калп айткан жокмун" дейт Бекназаров

Бүгүн, 8-сентябрда коомдук ишмер Азимбек Бекназаров ага карата сотто жалган көрсөтмө берди деп козголгон кылмыш иши боюнча пикирин айтты.

“Сотто чындап эле калп айтып, жалган көрсөтмө бердиңизби" деген суроо журналистерде туулуусу мүмкүн. Актоочу тарап мени сотко бар болгону кошумча күбө катары чакырышкан. Мага баш-аягы 3 суроо беришкен, баарына так жооп бердим, мен сотто калп айткан эмесмин. Керек болсо аркы дүйнөдө да дал ушундай айтканга даярмын. Менин көрсөтмөмдү эч ким жокко чыгарган жок, сотто аны эске алышкан эмес. Анда эмнеге менин көрсөтмөмө мынча көңүл буруп жатышат? Мени жоопко тартыш үчүн менин айткандарым түздөн-түз Өмүрбек Текебаевдин акталуусуна таасир этиши керек эле. Андай болгон жок да”, - деди Бекназаров.

Айта кетсек, 13-август күнү интернетке Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин үнүнө окшош адамдардын Өмүрбек Текебаевдин сотундагы көрсөтмөлөр тууралуу чай үстүндө сүйлөшүүсү жазылган аудио тараган. Аты аталгандар аудионун монтаж экенин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aiman0303
2017-09-08 12:19:03
Dagy kalp aityp jatat. Uiyalbait ekenda bul kishi.
+3
modem4999
2017-09-08 12:37:40
Aiman0303,калп айтып туруп ичинен кечир кечир деп кое берет бул киши.
+6
kutman-kg94
2017-09-08 12:42:02
Бетинен бузулгур
+4
Tolkun555
2017-09-08 14:15:44
kutman-kg94,бети бузулуп буткон.
+3
isabek1977
2017-09-08 14:01:33
Текенин соогун дагы бир жолу агартыптыр.Текеге жан тартканына караганда жанынан орун алгысы келип калгандыр.
+2
Kaninaiman
2017-09-08 18:14:42
Ташиевчи ал жанагы текебаевдин аялы корсоткон сыраны калп деп атабы???
+1
mir777
2017-09-08 19:53:06
Элдер эмне карангы болуп калган?! Бул кишинин калп айтканы менен Текени кучко салып камаганы бирдей эле. Эгер тушунбой жатсан, сени бийлик озунун кызыкчылыгы же позициясы учун уйунон тун ичинде сууруп чыгып камап койгон жакшыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан