Бүгүн, 8-сентябрда коомдук ишмер Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында Өзбекстан менен болгон чек аралар маселеси боюнча чечим тумандуу экенин айтты.
“Мына Өзбекстан менен чек аралар чечилди деп жатышат. Мени кызыктырганы Үңкүр-Тоонун тагдыры эмне болду? Эртең казыктар кагылып чек ара чечилгенде көрөбүз. Мен Кербен шаарынын жанына Өзбекстандын чек арасы келип калышын каалабайм. Эгер Үңкүр-Тоо Өзбекстанга өтүп кетсе, менин айтар көп сөзүм бар”, - деди Бекназаров.
Андан сырткары эгер аны камашса тарапташтарынан митинг, пикет уюштурбоону өтүндү. “Мен бүгүнкү жыйынды жыйынтыктап жатып тарапташтарыма, айрыкча, аксылыктарга айтат элем. Бизге 2002-жылы болгон трагедиялуу окуя да жетет. Эгер мени камашса, бул бийликке өчөшүп пикет, митингге чыкпагыла. Бул бийлик башкача жазаланат. Буларды Кудайга койдум, Кудай жазаласын”, - деди Бекназаров.