Өлкөбүздүн 86 китепканасы кыргыз тилдүү китептер менен камсыз болот

Бүгүн, 8-сентябрда Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги Кыргыздагы АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте өлкөдөгү 86 китепканага 145 миң 506 китепти өткөрүп берүү ишин баштады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Чүй облусунун 12 балдар китепканасына, Бишкек шаарынын 14 китепканасына жомок, аңгеме, ыр, табышмак китептерин алуу үчүн сертификаттар ыйгарылды. Ар бир китепканага 1 695 даана китеп берилет.

Эл аралык уюм менен Маданият министрлиги биргеликте кыргыз тилдүү 230 китеп тандашкан. Өз сөзүндө Маданият министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов : "Бул тартууланган китептерге, окурмандар арасында суроо-талап көп болоруна ишенем, сапаттуу билим балдардын кең келечегинин кепилдиги", - деди.

Иш-чара кичинекей окурмандар тарабынан даярдалган чакан концерт менен жыйынтыкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан