ТИМ Түндүк Кореянын өзөктүк бомбаларын сыноодон өткөргөнү боюнча билдирүү таратты

Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги Түндүк Кореянын 3-сентябрда бомбаларын сыноодон өткөргөнү боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Кореяга карата резолюциясында жазылган көрсөтмөлөр одоно бузулгандыгы, буга байланыштуу Кыргыз мамлекети кооптонуулар болорун билдиргени жазылат.

"Кыргыз тарап Түндүк Кореянын расмий макулдук албай туруп жасаган ушул сыяктуу кадамы Түндүк-Чыгыш Азиядагы эле эмес, дүйнө жүзүндөгү кырдаалдын курчушуна жана туруктуулуктун жоголушуна алып келет деген пикирде", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасы өзөктүк бомбалардын таралышын токтотуу жана жок кылууну жактаган өлкө, Борбор Азиядагы өзөктүк куралдан сырткары келишимдин активдүү мүчөсү катары Түндүк Кореяны жогорудагыдай сыноолорго каршы келишимге кошулууга чакырары белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2017-09-08 14:08:10
Эми биздин бийлик Орусия не болсо ошо да.
-2
PROS
2017-09-08 18:54:24
Эл дарбыса эшек кошо дарбыйт. Түндүк Корея тарабынан эч кандай коркунуч жок! Тескерисинче АКШдан аларга коркунуч жаралган үчүн ошол кадамга барды! АКШ, Россия, Кытай, Индия, Израиль сыяктуу өлкөлөргө боло берет, калган өлкөлөргө болбойбу?! Атомдук ракета деген гарантированная защита!!! АКШнын сасык саясаты дүйнөгө чоң коркунуч жаратат, Түндүк Корея эмес!!!
+3
tyrgon
2017-09-08 22:12:08
буддистер которулуп жаткансыйт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан