Алмазбек Атамбаев Нарын шаарында көп батирлүү турак үй курулчу жерге капсула салуу аземине катышты

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-сентябрда Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарында көп батирлүү турак үй курулчу жерге капсула салуу аземине катышты.

Мамлекет башчысы үйдүн курулуш долбоору менен таанышып сөз сүйлөдү. Президент өз сөзүндө өлкөнүн аймактарында социалдык турак жай куруу боюнча масштабдуу долбоор Нарын шаарынан башталгандыгын белгиледи.

“Бирок "Арзан турак жай 2015-2020” программасы Нарында бир үйдү куруу менен чектелбеши керек. Курулуш иштери тынымсыз жүргүзүлүүгө тийиш. Нарын шаарынын көркү жакында жакшы жагына өзгөрө баштайт. Калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири болууга тийиш”, - деди мамлекет башчысы.

Андан соң Алмазбек Атамбаев "Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердигине токтолуп, анын каражаттары Кыргызда жаңы ишканаларды ачууга жумшалууга тийиш" деди. Жарандарыбыз арзан насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, ошону менен региондорубузду жана жалпы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кол кабыш кылышы керек.

“Бул калкыбызды жаңы жумушчу орундар менен камсыз кылууга шарт түзөт. Жакынкы жылдары өлкөбүз түп тамырынан бери өзгөрөт. Азыр биз ай сайын жаңы ишканаларды ачып жатабыз, ал эми жакынкы аралыкта мындай окуялар андан дагы тез-тез болот. Бардык жакшы өзгөрүүлөр убакытты жана чоң күч аракетти талап кылат”, - деп мамлекет башчысы шаардыктарды Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган бизнес-долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.

Өз сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев элди биримдикке жана ынтымакка чакырып, колдоо жана ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Hadyja
2017-09-08 14:58:41
Бугун Кочкорго келет деп,мам кызматтагылардын баары дачрданып аткан кези,вертолет мн келет деп атышат.
Нарында эзели оноло элек жолдор туну мн туптус болду дейт фбдагы нарындыктар.Айткандай,президент келем дегенге жолдор тузолуп,айлана тазарып калганы жонокой эле жагымдуу эле нерсе,баары иретке тушот
+1
kychan.98
2017-09-08 15:10:23
Алеша эми дагы мал сал деп бир нерсени балп эттирбей туз барып туз келиниз
+2
bond02
2017-09-08 15:23:36
Эмнеге президентке жуну бар микрофон коюшат дайым эле.
0
jugorsk
2017-09-08 16:56:49
bond02,балп эткени жакшы угулат
+3
Bayjigit83
2017-09-08 19:23:20
bond02,Тайып кетип жыгылса, жумшак тийет жун микрофонго.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан