Ысык-Көлдүн дарыгерлерине 14 автоунаа берилди

Бүгүн, 8-сентябрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Тоң жана Түп райондорундагы үй-бүлөлүк дарыгерлердин топторуна Лада 21310 үлгүсүндөгү 14 автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, унаалар "Саламаттыкты сактоо уюмдарынын автономиясы" долбоорунун алкагында, министрликтин жана Швейцариянын өкмөтүнүн каржылык жактан колдоосу менен ак халатчандарга берилди.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Жазгүл Кийизбаева жаңы унаалар дарыгерлердин алыскы аймактарда жашаган калкка тез жетип, медициналык жардамды убагында көрсөтүшүнө шарт түзөрүн айтты", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
suyor
2017-09-08 16:20:11
Менчиктештирип албагыла
+3
Kroxa
2017-09-08 19:38:29
Соонун жанылык..эми оорулууларга тез жетип турсанар болду..
+1
amirrus
2017-09-09 16:48:59
жакшы иштегиле эми ичине кой салып албай казактардай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан