ЖЫЛНААМА, 8-СЕНТЯБРЬ: АКШнын 8 президентин жана атактуу миллиардерлерди уядан учурган Гарвард университетинин негизделгенине 381 жыл болду

Дүйнө жүзүндөгү мыкты окуу жайлардын бири, АКШнын Массачусетс штатынын Кембридж шаарында жайгашкан Гарвард университетинин негизделгенине бүгүн, 8-сентябрда 381 жыл болду. Окуу жай 1636-жылы колледж болуп түзүлүп, 3 жылдан соң ага министр Жон Гарварддын ысымы ыйгарылган. Ал адам окуу жайга өзүнүн мүлкүнүн жарымын жана китепкананы мураска калтырган.

Жон Гарвард

Ал эми Гарварддын университет макамын алышы 19-кылымдын биринчи жарымына туура келет. Башында окуу жайда Библия, тилдер жана математика окутулса, 1810-жылы медицина жана юриспруденция кошулган. Учурда дээрлик бардык факультеттер бар. Университеттин карамагында ботаникалык бакча жана токой бар. Ошондой эле дүйнөдөгү эң чоң илимий китепкана жайгашкан.

Окуу жайдын китепканасы

Гарварддын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында:

  • АКШнын 8 президенти,
  • 32 мамлекет башчысы,
  • 47 "Нобель" сыйлыгынын лауреаты,
  • 48 Пулицеровск сыйлыгынын ээси бар.

Аталган окуу жайды аяктаган атактуулар - Марк Цукерберг, Билл Гейтс, Теодор Рузвельт, Жонн Кеннеди, Жорж Буш кичүүсү, Барак Обама, Натали Портман, Мэтт Дэймон жана башкалар.

Маалыматтарга караганда, Гарвард университетинде билим алуу жатаканасын, тамактануусун, китептерге төлөнө турган акчаны жана башкаларды кошкондо америкалык жана чет өлкөлүк студенттер үчүн орточо эсеп менен 70 миң долларды түзөт.

8-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gulzat85
2017-09-08 20:39:26
Буйруса балдарыбыз тапшырсын деп тилек кылалы
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан