Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти 17 номинация боюнча "Kyrgyz Tourism Awards" улуттук сыйлыгы үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган департаменттен билдиришти.
Маалыматка караганда, сыйлык төмөнкү номинациялар боюнча берилет:
- Кыргыз өлкөсүндөгү туризмдин түрлөрү боюнча мыкты инновациялык долбоор;
- Окуялуу туризм боюнча мыкты долбоор;
- Кыргыз Республикасындагы мыкты туристтик компания;
- Мыкты конок үйү;
- Кыргыз Республикасындагы мыкты мейманкана;
- Кыргыз Республикасынын туризм тармагындагы мыкты туристтик комплекс;
- Туризм тармагындагы мыкты интернет долбоор;
- Кыргыз мамлекетиндеги туризмди өнүктүрүү боюнча мыкты долбоор;
- Туризмди өнүктүрүү боюнча Кыргыздагы мыкты дипломатиялык өкүлчүлүк;
- Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай;
- Кыргыз өлкөсүндөгү туризмди өнүктүрүү боюнча мыкты аймак;
- Туризмдин өнүгүшүнө салым кошкон мыкты массалык маалымат каражаты;
- Өлкөнүн туризмин өнүктүрүүгө салымын кошкон туризм тармагындагы мыкты серепчи;
- Кыргыз Республикасынын мыкты гиди;
- Мыкты фотограф жана видеограф;
- Мыкты курорттук мекеме;
- Мыкты боз үй шаарчасы;
Улуттук сыйлыкты тапшыруу аземи 27-сентябрда өтөт. Ага катышууну каалагандар 15-сентябрга чейин долбоорлорун жөнөтүшү керек. Уюштуруучулардын айтымында, бул сынак буга чейин 2014-жылы өткөрүлгөн. "Kyrgyz Tourism Awards" өлкөдөгү туризмдин сапатын жакшыртуу жана туризм тармагында эмгектенгендерге стимул берүүнү көздөйт.