SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жакында той, бирок ал күнгө жетпей эки жаштын бузулган тою..." деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Жакын курбу кызым Анара таякесинин тоюнда бир жигит менен таанышып калат, аты Ислам эле. Ошол кечтен баштап Ислам Анаранын артынан калбай ээрчип жүрүп 14 күндүн ичинде апасына сөйкө салдыртат. "Кой, өтө кызыл бат оңот" десе да болбой сөйкө салып кеткенден кийин Исламдан кабарсыз, бар же жогу билинбей жок болуп кеткен. Ошол бойдон батасы бузулуп Анара турмушка чыгып кетти. Исламдан кабар жок. Кийин укканыбызга караганда кыз апасына жакпай калган экен. "Өтө эле диндар кыз экен, ал беш маал даарат алса дос-туугандар келин көргөнү келсе, өзүм келин турганына карабай кызмат кыламбы?" деп болбой коюптур. Бирок ал сөздү өздөрүнөн уккан жокпуз".
"Кыз менен жигит сүйлөшүп, бири-бирине төп келип, баш кошууга ниет кылышат. Кыз чоң иште иштеген адамдын жалгыз кызы. Жигит болсо айылдашы, жаш кезинен жетим өсүп, бирок чет жерде окуп, окуганча соода кылып жүрүп бутуна турат. Жигит да тың, чыйраак. Эч кимди аралаштырбай кыздын атасына өзү кирип, сүйлөшүп 100 миң сом акчаны калыңына деп таштап чыгат. Кыздын атасы "балам, эч кимди аралаштырбай экөөбүз гана чечели" дейт. Той күнү белгиленип, баланын туугандары тойго келишет. Жакшы коноктоп, жакшы узатат. Бирок жигит тарап канча калың алганын билип, жыйылып турган төшөк Кытайдан чыккан велюрдан тигилиптир деп нааразы болушат. Ал эми чынында Кытайдын гүлү салынган, бирок таза баркыт эле. Жаңы чыккан жана кооз болгондуктан эч нерсени ойлобой тигилген экен. Эртеси той. Жаштар күндүзү шаар кыдырып ойноп, кечкисин тойканага барышат. Элдер эки жашка бата берип, той кызуу жүрүп жатса баланын эжелери чыр чыгарып, кыздын апасы, сиңдиси менен сырттан айтышып кетишет. Тойкананын залында той, сыртта чыр болушуп той бүтөт. Чыр кыздын атасына чейин жетет. Той бүтүп, эл тарап жатканда кыздын атасы "мен жеткирем" деп кыз-күйөөнү унаасына салып, бир аз узап барганда "балам, аял кишилерди аралаштырба, экөөбүз эркекче чечели дедим эле, болбодуң, эми бактыңды башкадан изде, мен кызымды сага ишенип тапшыра албайм" деп жигитти түшүрүп кетип калат. Кызды үйгө жеткирип, кайра тойканага келип 100 миң сомду, баланын тойго кетирген чыгымын эжелерине төлөп берип чырды баскан экен. Кайрылып келишсе да аксакалдар ортого түшкөнүнө карабай, "жок" деп болбой коёт. Эки-үч күндүн ичинде эле өз досторунан кызынын колун сурап келет. Кызын ошол жакка узатат. Өзүм көрбөсөм да кыз тараптан укканым бар".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.