Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы бүгүн Нурлан Мотуевди камакка алды. Мотуев бүгүн, 8-сентябрда маалымат жыйынын өткөргөндөн кийин кармалганын аталган кызматтын басма сөз кызматы тастыктады. Маалыматка ылайык, Нурлан Мотуев №32-колонияга киргизилди.
"Мотуев мурда жазасын өтөп жаткан №32-колонияга киргизилди. Ал жаза өтөө режимин бузганы үчүн жатак абагына киргизилди. Биз документтерди топтоп сотко жибергенбиз. Анын мындан ары жазасын кайда өтөөрүн сот чечет. Биз Мотуевди 31-августта чакырганбыз. Бирок ал келбей койгон. Ошондон тартып келе элек. Бул киши айыпталган берене оор болгондуктан майрам күндөрү көзөмөлдө болсун деген ички эрежебиз бар. Мотуев аны аткарган жок. Ошол ортолукта ал бир канча видеокайрылууларды жасап, бүгүн болсо маалымат жыйынын берди. Бул кишинин статусу соттолгон. Ал болсо укуктарын айтып, милдеттерин унутуп калып жатат. Мотуев прокуратура, акыйкатчы аркылуу кайрылуу жасап чыкса болот. Бирок түздөн-түз кайрылуу жасаганы ички режимди бузганга жатат. Ошонун негизинде биздин 15 суткага чейин камаганга укугубуз бар. Биз ошол убакка чейин сот чечим чыгарат деп үмүттөнүп жатабыз", - деди Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова.
Эске сала кетсек, 7 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн жатак-абакта өтөп жаткан Нурлан Мотуев кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн материалдар кайрадан тергөөгө өткөрүлүп берилгенин буга чейин Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришкен болчу.