ЖЫЛНААМА, 8-СЕНТЯБРЬ: 2009-жылы композитор жана атка­руучу Шамшыбек Өтөбаев каза болгон

Белгилүү композитор жана атка­руучу Шамшыбек Өтөбаев 8 жыл мурун, 2009-жылы 8-сентябрда жүрөк оорусунан көз жумган. Ал болгону 58 жашта эле.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, 14 республикалык, 8 эл аралык сынак-фестивалдардын жеңүүчүсү Шамшыбек Өтөбаев 1951-жылы 11-декабрда Ноокендин Шыңсай айылында туулган.
Анын аткаруусундагы “Таң сыры”, “Сары-Челек”, “Көл кечи”, “Кыргыз жери”, “Сен менин жазылбаган ырларымсың”, “Сага”, “Фрунзенин теректери” жана башка жүрөккө жеткен ырлары элге сиңип, оозуна алынып, классикага айланган. Андан сырткары “Ат келет”, “Кутман жер”, “Алтын тумар”, “Атама”, “Өмүр керемет”, “Кыялдагы мырзага”, “Кат жазчы мага”, “Дүрдана”, “Ата Журт” деген ырлары популярдуулугун жоготпой, профессионалдык жогорку деңгээлдеги ырлардын катарында өз ордун тапкан.
8-сентябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан