III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын күз айларында өтөт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын күз айларында өтөт. Аталган иш-чараны өткөрүүдө маселе жаралбоосу үчүн өкмөттүн алдында бардык зарыл болгон аракеттердин иш планын иштеп чыгуу милдети турганын өкмөт башчы Сапар Исаков 8-сентябрдагы жыйында билдирди.

Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, Сапар Исаков иш-чараны өткөрүүдө мамлекеттин бюджетине оорчулук жаралбашы үчүн демөөрчүлөр менен иштешүүгө маани берүү керектигин белгиледи.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатында өкмөт менен кызматташууга даяр компаниялар менен туура иш алып баруу зарыл. Бул өз ара пайдалуу кызматташуу болот. Иш-чараны өткөрүүдө мамлекеттик бюджетке оорчулук жаралбашы керек. Бул багытта кызматташууга кызыкдар өнөктөштөр жана демөөрчүлөр менен өз ара аракеттенүү маселелерин иштеп чыгуу маанилүү", - деди Исаков.

Өкмөт башчы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча министрликтердин жана мекемелердин алдына бир катар тапшырмаларды койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kechirmeni
2017-09-09 10:56:19
пайдасы болсо откоролоу анан бюджетке зыяны тийсе кереги жок
0
Muslim_KGstana.
2017-09-09 11:40:27
озубуз зорго акча таппай бюджет тартыш деп турганда ушул оюндун не кереги бар,кантип эле ар 2-жыл сайын Кочмондор оюну боло берсин
Силерге кылмыш козгош керек озу мамлекетке чон зыян келтирди деп...
+2
Muratmipa
2017-09-09 12:23:32
Кочмондор оюну деп 5мл доллар кетти деп жарымын жеш максат болгону эле ошол
+6
Patriot7
2017-09-09 14:12:41
Бул Сапар Исаков деген неме "кочмондор оюнунан" миллион куроонун ыгын жакшы оздоштуруп алды окшойт, ар кочмондор оюнунда ондогон миллион долларлардын эсеби чыкпай калат...

2-кочмондор оюнун да демоорчулордун эсебинен откоробуз деп убаданы аянбай берген. Жыйынтыгында тыштан да миллиондоп акча чогултуп, ал аздай авариялык мектептердин ордунв жаны мектеп салууга казынадан болунгон 2 миллиард сомду кочмондор оюнуна жумшап жиберишкен уялбай!!! Бул боюнча Атамбаев менен Исаковду
+1
Patriot7
2017-09-09 14:14:47
соттоо керек эле!!!

Сен Сапар, кийинки кузго чейин барсынбы жоксунбу ошону ойлон!!! Бай атана коп ишене бербе!!! Балким аз кундо бай атана кошулуп темир тор артына отуп жеп-синирген миллиондорду кусуп журбо!!! Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан олот деген макал Аташкан экоон учун куп туура келет....
+1
Azat.97
2017-09-09 14:16:20
Баары жакшы откоруш керек.
-3
AzKumFerDan
2017-09-09 17:55:12
Дүйнө эли суктанаарлык кылып өткөрүү керек Ысык көлдө эмес эми башка облустарда өткөрүү керек менимче
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан