Ташкентте өткөн Өзбегим фестивалында жасалган палоо "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилди. Бул тууралуу 8-сентябрда өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, палоонун таза салмагы 7360 килограмм болгон. Аны 50 ашпозчу 6 саат бою бышырышкан. "Гиннесстин рекорддор китебинин" вице-президенти Ричард Стэннинг уюштуруучуларга дүйнө жүзүндөгү эң чоң палоо Өзбекстанда даярдалганын далилдөөчү сертификатты тапшырган.
Палоого да рекорддук эсептеги азыктар керектелген.
Уй эти - 1500 килограмм;
Кой эти - 400 килограмм;
Куйрук май - 220 килограмм;
Күрүч - 1900 килограмм;
Сабиз - 2700 килограмм;
Пияз - 220 килограмм;
Май - 440 литр;
Туз - 57 килограмм;
Нокот - 100 килограмм;
Мейиз - 190 килограмм;
Зире - 5 килограмм;
Калемпир, мурч - 2 килограмм;
Куркума - 1 килограмм;
Суу - 350 литр.