"Тумар" бий тобу Орусиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын биринчи конгрессине катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда топтун жетекчиси Эрмек Кадыров SUPER.KG порталына билдирди.
"Биз бул иш-чарага Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып жатабыз. Анын ачылышында бийчилерибиз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Учурда башка катышуучуларга бий боюнча мастер-класс өтүп жатабыз. Конгресстин алкагында 30 өлкөдөн келген делегациялардын ар бири бирден бак отургузабыз", - деди ал.
Эрмек Кадыровдун айтымында, 7-сентябрда башталган конгресске 30 өлкөдөн 711 адам катышууда.