Кариб чөлкөмүндөгү "Ирма" бороону кайрадан күчүнө кирип, эң жогорку 5-категорияга жетти. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Ирма" бороону жүрүп жаткан аймакта шамалдын ылдамдыгы саатына 257 чакырымга жетет. Ал түндүк батышты көздөй саатына 21 чакырым тездик менен бара жатат. Жакынкы күндөрү бороон зыян алып келүүсү мүмкүн деп АКШнын Флорида, Жоржия, Алабама, Миссисипи, Теннесси жана Кентукки штаттарына эскертүү берилген.
Ал эми АКШнын деңиздик-аскер флоту керек учурда жардамга келүү үчүн учак конуп уча ала турган "Авраам Линкольн" аттуу кемени коркунуч жаралуучу региондорго жөнөткөн.
Андан сырткары чет өлкөлүк басылмалар буга чейин аталган "Ирма" бороонунан улам 18 адам каза болуп, миллиондогон адамдар жабыр тартканын жазып чыгышкан.
Ошондой эле бул бороондун айынан Барбадос жана Пуэрто-Рико өлкөлөрү жарандары башка өлкөлөргө салыштырмалуу көп жабыр тартышканы, Британдык жана Виргиндик аралдар да катуу талкаланууга туш болушканы айтылууда.
Айта кетсек, буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн президентти Алмазбек Атамбаев АКШнын президентти Дональд Трампка Техас жана Флорида штаттарындагы "Ирма" бороонунун кыйратуусу боюнча көңүл айткан.