Кыргыз мамлекетинен Сауд Арабияга ажылыкка баргандардын алгачкы тобу Жидда-Бишкек багыты боюнча бүгүн, 9-сентябрда Бишкекке кайтып келишти. Ажылыктан келгендерди муфтийи Максатбек Токтомушев, орун басары Жоробай Шергазыев жана башка муфтият өкүлдөрү "Манас" аэропортунан тосуп алышты. Ажылыкка баргандар быйылкы жылы ажылыкты уюштуруу жаатында бир топ жетишкендиктер бар экендигин айтышып, кылган кызматтарына терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Сауд Арабиядан ажылыктан келе жаткандарды "Флайнас" авиакомпаниясы ташып, ар бир каттамда 303 кишиден келишет. Алгачкы 3 каттам Бишкек шаарына конуп Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан жөнөп кетишкен ажылар кайтып келишмекчи. Андан соң калгандары 19-сентябрга чейин Жидда-Ош, Медина-Ош багыттары боюнча каттамдар менен келишет.
Эскерте кетсек, быйыл 2017-жылы Сауд Арабиясынын Ажылык министрлиги Кыргыз мамлекетине 4885 квота бөлүп берген.