"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Билим берүү министрлиги мектептерде китептердин жетишсиздиги боюнча маселени карап жатышканын билдиришти

Мектептердеги китептердин жетишсиздиги боюнча маселе Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каралып жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

"Учурда китептердин жетишсиздиги изилденип жатат, ал тууралуу министрдин өзүнө да айтылды. Кийинки жумада бул маселе тууралуу толук жооп беребиз", - дешти министрликтен.

Айта кетсек, буга чейин окурмандар "мектептердеги китептердин жетишсиздиги ата-энелердин капчыгын кагып, кыйынчылыкты жаратууда", - деп SUPER.KG порталына билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
almanbetperm
2017-09-09 18:06:48
Изилдегенде эмне корунуп эле турбайбы
+1
Rifle_I
2017-09-09 18:27:41
Кыргызстанда баардык маселелерди карап жатышат, жакында жасайбыз деген сөздөрдүн айиылганына 20 жылдан ашып кетти. Дагы эле эшек арабадабыз, анысы да баткакка батып калды.
Жаштарга ыйман берип сүйрөп кетсек экен, Сапар И.баш болуп.
+1
bakulya2015
2017-09-09 19:10:23
Эн жакшы кабар. Ишиниздерге ийгилик. Быйыл билим беруудо иштер жакшы болуп жатат рахмат. Ушу китептида карап койсо баары жакшы болмок.
-1
kenjebek_a
2017-09-09 21:15:44
Дагы бир аз эрте карап жатышпайбы.Окуу жылы качан эле башталган.Министрлик эми ойгондубу.Эшегине жараша тушоосу дегендей.
0
Fatimnazz
2017-09-10 02:55:27
Китеп жетишпейт дешет анан жыл сайын эле китептерди жанылап чыгара беришет. Мектепте жок сатып алгыла дейт. Биз сатып алабыз эки жылдан кийин инилерибиз окуйун десе жараксыз болуп калат. Жанысы басылып чыгат да ошону сатып алгыла дейт. Бул деген чоон бизнес экен да.
+1
bakulya2015
2017-09-10 09:54:59
Fatimnazz,туура айтасыз дал ошондой болуп жатат. Ушу сентябрга чейин эле аракеттерин корушсо жакшы болмок. Шайлоо убагында деле акча чачпай. Мамилекеттик иштердерде иштегендерди Сооронбайды колдогула дештен мурун ошол Жээнбековко ушу китемтерди жанылатып жок дегенде сканер кылсада боло берет. Ошентип анан колдош керек добуш мажбурлап алат дагы шайланган сон дагы эле ошо ошода.
+1
Kroxa
2017-09-11 21:13:17
Жылда жетпегенин сатып берем 3 4класстын англис тили эле 350сом математика 2 часть 300..орустил 250..биздин класста 42 бала окуйт ар бир класс эле канча китеп сатып алат??чондордун бизнеси ушундай жол менен чондорду эл багып келейтат..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан