10-сентябрда быйылкы президенттик шайлоого талапкерлердин үгүт кампаниясы башталды. Өлкө боюнча бардык калааларда, облустук борборлордо, ошондой эле эң негизгиси Бишкек шаарында бир түндүн ичинде чоң өзгөрүү болду.
БШКнын каттоосунан президенттике ат салышуу үчүн 13 талапкер өткөн. 10-сентябрь күнү таң менен көчөгө чыккан тургундар көрнөк-жарнактан башы адашып, бош калган жарнама такта жана билборд көрүүгө мүмкүн болгон жок. Бишкек шаарын кыдырып, кайсы талапкер жарнама үчүн кандай каражат коротту сиздердин баамдооңуздарга койдук.
Сүрөттөрдө байкалгандай, Бишкек шаарын бүт эле Бабанов ээлеп алгандай. Талапкерлердин бири Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүн анда-санда эле жерден көрбөсөк, жарнама такталардын, ал тургай көп кабаттуу үйлөрдүн боорунан тарта Бабановдун сүрөттөрү илинген. Шаардын ичинде калган 11 талапкердин бир дагы сүрөттөрү байкалбайт.
Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиргенине караганда, борбор калаада жалпы 426 көрнөк-жарнак такталары бар. Алардын баары жеке компанияларга ижара берилгенин маалымдады аталган башкармалык. Ал эми жеке компаниялар кардарларына кандай баада жана канчасын берип жатканы тууралуу маалымат жок.