Депутат Жумабеков төө буурчакты темир жол аркылуу экспорттоо маселесин өкмөт тез арада чечүү керек экенин айтты

Бүгүн, 11-сентябрда “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дастанбек Жумабеков темир жол аркылуу экспорттоо маселесин өкмөт тез арада чечүү керек экенин айтты. Бул тууралуу ал парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

"Талас облусунун тургундарынын 80 пайызы төө буурчак эгип үй-бүлөсүн багып келет. Бир жылда төө буурчактан 80 миллион доллар киреше түшөт. Бул мамлекетибиздин ички дүң продукциясына чоң салым болуп эсептелет. Эл буурчактын баасы жакшы болсо экен деп күтүп жатышат. Төө буурчакты Түркия, Орусия, Казакстанга экспорттоо үчүн өкмөт Маймак станциясын ачып бериши керек. Ошондо баасы жогору болот" , - деди ал.

Жыйынтыгында бул маселени тез арада чечүү үчүн өкмөткө тапшырма берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан