БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова: "Бүгүнкү күндө 42 миң адам убактылуу жашап жаткан жеринен добуш берүү үчүн арыз беришти"

Бүгүн, 11-сентябрда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Укук коргоо органдарынын системинин реформасы аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат берди.

"Биз шайлоонун жүрүшүн мыйзамдуу өтүшүн камсыздоо максатында шайлоочулар жана талапкерлер менен тыгыз иштешип жатабыз. БШК тиешелүү өкмөт өкүлдөрү менен биргеликте иш жүргүзүүдө. 8-августка карата добуш берүүгө 2 миллион 914 миң 586 шайлоочу катталган. Алардын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга да добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Бүгүнкү күнгө чейин 42 миң адам каттоодо турган жеринен эмес, убактылуу жашап жаткан жеринен добуш берүү үчүн арыз менен кайрылды. Шайлоону өткөрүүгө 671 миллион 502 миң сом чыгым болду. Шайлоонун жүрүшүндө чет өлкөлөрдө 38 шайлоо участкалары ачылып, иштеп баштады", - деп билдирди Шайлдабекова.

Таза шайлоо өткөрүү боюнча тегерек стол жабык эшик артында талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2017-09-11 13:57:43
madina.87, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан