Эркинен ажыратылып, №27-абакта жазасын өтөп жаткан адам сабалган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы билдирди.
"Ушул жылдын 5-сентябрында №27-абакта жазасын өтөп жаткандарды жалпы текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Текшерүү иштеринин негизинде 7 адамды башка абакка которуу чечими чыгарылган. Алардын ичинен №1-СИЗОго которулуп жаткан бир адам "мени сабап салды" деп арызданып жатат. Бул иш боюнча атайын териштирүү иштерин жүргүздүк. Орнотулган видеокамераларды карап чыктык. Сабалган кыймыл-аракеттер болгон эмес. Мунун баары тастыкталды. Ошол эле учурда кармалгандарды башка абакка жеткирүү кызматын аткарган унааларда атайын GPS орнотулган. Унаанын токтогону, кайда баратканы борбордук базага көрүнүп турат. Биз ал унааларды да көзөмөлгө алдык. Эч жерге токтобогондугу белгилүү болду. Буга чейин мындай көрүнүштөр бир нече жолу болуп келген. Анын натыйжасында жылга созулган соттошуулар болуп жатат. Айрым кызматкерлердин кызматтан алынган учурлары катталган. Жазасын өтөп жаткандар менен абак кызматкерлеринин ортосунда дайыма түшүнбөстүктөр жаралып келген", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Белгилүү болгондой, буга чейин кыйноолордун алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору №27-абакта жазасын өтөп жаткан адам №1-СИЗОго которуу учурунда катуу сабалганын айтып чыккан.