Экономика министрлиги лицензиялык төлөмдөрдү алып салууну сунуштады

Бүгүн, 11-сентябрда парламенттин тийиштүү комитетинде Экономика министрлиги лицензиялык төлөмдөрдү алып салууну сунуштады. Министр Артем Новиковдун айтымында, лицензиялык төлөмдөрдү алып салуудан бюджет көп чыгымга учурабайт.

“Бул чаралар өзүн актайт жана бизнес үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Бирок ошол эле учурда кээ бир иштер боюнча төлөмдөр кайрадан каралып чыгат. Мисалы, этил спиртин өндүрүү боюнча лицензиялык төлөм 300 сомду түзөт. Бул боюнча төлөмдү көбөйтсө болот. Орусияда бул төлөм 5 жылга 9 миллион 500 миң рубль, Казакстанда болсо 5 жылга 5 миллион 500 миң теңге. Кыргыз мамлекетинде лицензия 300 сомдон 1 000 сомго чейин берилет”, - деди министр.

Мындан тышкары Новиков мыйзам долбоорунда лицензияны онлайн режимде электрондук түрдө берүү сунушталып жатканын кошумчалады.

Жыйынтыгында Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Маалыматка ылайык, бул сунуштар өлкөдө ишкерликтин өнүгүшүнө, өсүшүнө жаңы дем берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан