СУПЕРСТАН: "Анын бактылуу экенин көрүп чын жүрөктөн кубандым. Бирок, аттиң, жан дүйнөм сыздап кала берди..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мурда сүйүп жүргөн адамыңа жолуксаң кандай абалда болосуң?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жүрөгүң ооруйт. Көп эле жолугам, күлүп, ал-акыбал сурашып коймой... Сыртыңдан билинбейт го, бирок андан кийин көпкө чейин оюм чаржайыт, жүрөгүм кысылып, ызага муунуп жүрөм. Дагы эле сезимдер өчө электей. Намыс деп өзүмдөн башкаларды (ата-эне, досторду) ойлоп, учурунда алардын акыбалын элестетип туура эмес кылгам. Эми эрдимди кырча тиштеп калган абал. Канча убакыт өтсө дагы, жаранын орду бүтө элек. Эмнегедир муну моюнума алгым келчү эмес эле".

"Мен 4-курста окуп жүргөн кезде бир кыз менен таанышып, сүйүү сезимине баткан болчумун. Үйдөгүлөр менен сүйлөшүп, ушул жумада үйлөнөм деп турганда башка бирөө ала качып кеткен эле. "Сени менен түбөлүккө болом" деп сөз берген сүйгөнүм каршылык көрсөтпөй ала качкан жерге отуруп алганына убагында ызалангам. Ал кыз алыска күйөөгө тийбей, кошунамдын үйүнө келин болгону азыр күлкүнү келтирет. Кошуна болгондон кийин күндө болбосо да бир жумада бир көрүп калам. Ошол учурда ал мен үчүн бейтааныш адамдай жанынан өтүп кетем. Андан башка кандай аргам бар эле? Күйөөгө тийгенден кийин деле үй телефонго көп жолу чалып мени сурап жүрдү. Мен такыр телефонго барбай көгөрүп алчумун. Чындыгында ал менен менин сүйлөшчү сөзүм жок болчу. "Күйөөгө тийсем эле сүйлөшпөй коёсуңбу, дос катары сүйлөшүп жүрсөк деле болот го" деген сөздөрдү карындашымдан айттырып канча убара болду. Досум, сен ал кызды көп жылдан бери бир жолу көрүп жүрөгүң ооруса, мен бир жумада бир кошуна келинди көрүп жүрөгүм ооруйт".

"Сүйүп жүргөн адамыма жолукканда менде бир башкача сезим пайда болгон. Ордума тура албай, эмне дээримди билбей калгам. Бирок ага сыр бербей, ал-акыбалын сурап кетип калгам. Азыр болсо жакшы достордон болуп калдык, өткөн күндөрдү эстеп жүрөгүм зырп этип кетет, менимче, дагы эле сүйөт окшойм. Бирок кайра артка кайрылгым келбейт, намыс жол бербейт экен".

"Көп эле жолуктук. Дайыма эмне деп айтышты билбей, сүрдөй берем".

"Бүгүн жолуктум, өзүнө окшогон татынакай кызы менен экен. Чын жүрөктөн кубандым. Бирок, аттиң, жан дүйнөм сыздап кала берди..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sarywka2017
2017-09-11 18:20:14
Мен ошентип жолуксам го
+2
Hadyja
2017-09-11 22:29:55
Адам озгорулот экен.Мурда жакшы коргон адамымды корсом,озумо тан калам неге жакшы корчу элем,ошол суйуу кайда кеткен деп?Журогум эчтеке деле болбойт.Жолдошума рахмат,журогумон бут баарын алып туруп,озу орун алып алды.Адам башка адамды унуттура алат экен деп ишенем
0
Guji
2017-09-12 03:23:54
Кошуна бала менен 3 жыл сүйлөштүк мына жакында үйлөнөбүз дегенде эле ал башка кызга үйлөнүп алды.Эхх эч нерсеге түшүнбөй калганмын урушканда эмесбиз.Апасы мага каршы болуп туруп алыптыр,алардын колунда бар үй бүлөө эле аа мен орто үй бүлөөдөн элемин.Бир айылдын баары билет эле экообузду.Менда өчөшүп ага 3 айдын ичинде турмушка чыгып кеттим.Кийин мага жолугалы деп канча жазып жүрдү мен болбодум.Азырда мени сурап турат угуп калам.Ошол бойдон мен турмушка чыкканыман бери ал баланы көрө элекмин.
0
Guji
2017-09-12 03:30:44
Менда сагынамын ушунчалык сүйгөнмүн аны эстесем жүрөгүм тилинип кетет.Азыр анда да менде да бирден кызыбыз бар.Азыр Москвадамын бирок өз үйүмө барганда жолугуп калсам кандай акыбал болот экен деп элестете беремин.Ал менен өткөргөн күндөрүм азырда көз алдымда.Эртелеп 7:30 ал ишке мен окууга жөнөйт элек ал келип мен чыгып бирге жөнөп өзүнчө эле романтика эле.Жолдошума андай сезимдер жок мен өчөшүп эле турмушка чыгып алгамын эстесем.Унутуш үчүн баарын....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан