ЖЫЛНААМА, 12-СЕНТЯБРЬ: Мындан 23 жыл мурун залкар ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров дүйнө салган

Мындан 23 жыл мурун, 1994-жылы 12-сентябрда ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров көпкө созулган оорунун айынан көз жумган. Көз жумгандан кийин 8 күн өткөн соң гана ырчынын эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда "Эл агартуунун отличниги" деген наам берилген. Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясындагы Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына анын ысымы ыйгарылган. Ал эми 1997-жылы 12-январда Сулайман-Тоодогу ырчынын бейитине эстелик коюлуп, андан соң Ош филармониясынын алдында эстелиги ачылып, анын атындагы коомдук фонд да түзүлгөн. Рыспай Абдыкадыровго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы тирүү кезинде берилбей калган.

Рыспай Абдыкадыровдун эстелиги

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Бала кезинен музыкага шыктуу ырчы 1963-жылы Ош педагогикалык факультетин бүтүргөн.
Өзүнүн эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында, андан соң Жалал-Абад театрында эмгектенүү менен баштаган. Ошол жерде иштеп жүргөн мезгилде кургак учук оорусуна кабылып, оорусуна байланыштуу борбордогу филармонияга келип иштеп калган.
Кыргыз музыка дүйнөсүндө чоң из калтырган атактуу обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыров "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алган.
1988-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" деген наам алган соң "Ырларым менин тагдырым" аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. Рыспай Абдыкадыров 360 чамалуу обон жаратып, чыгармаларынын 126сы калк арасына тараган.
12-сентябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mr.ulan89
2017-09-12 08:51:07
Чыныгы залкар талант мына ушундай адамдарды эмгек синирген дейт анан кайдагы Самара Каримованы эмгек синирген деп алар Рыспайга жеткенче качан и жетпейт дагы
+2
Alibay
2017-09-12 10:07:20
Армандуу олуму,эрте кыйылган жаны,оз учурунда татыктуу баа албаганы окундурот.Эл артистин алып мандайы жарылганча суйунсо болот эле го.Небереси менен тен кыздар мынтип ,сиздин ырларыныз аркылуу таанылып жатышат.Олбос ,очпос ырларыныз дайыма эл эсинде....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан