Бүгүн, 11-сентябрда Чүй жана Манас кең көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү оңдоп-түзөө иштеринен кийинки ачылышы орун алды. Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты. Ал өтмөк аркылуу өтүп, жеринен көрүп журналисттерге аталган иштер тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктө 1978-жылдан бери оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. "Мэриянын тапшырыгы менен жер алдындагы өтмөктү реконструкциялоо иштери аткарылып бүттү. Жалпы эсеп менен оңдоо иштерине 27 миллион 800 миң сом сарпталган. Кыргыз өлкөсүнөн чыгып жаткан заманбап курулуш материалдары менен жасалган. Оңдоодо колдонулган сары таш менен гранит өлкөбүздөн чыгат. Андан тышкары бул жерде соода менен алек болгон ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп бердик. Алар бул жерге көнүп калганына байланыштуу "бутиктерди" жайгаштырып бердик. Долбоордун негизинде жер алдындагы өтмөктүн ичинде ажаткана каралган болчу, бирок техникалык мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу жайгаштыралбай калдык. Жыйынтыганда ажаткананы эшикте жайгаштырып, учурда колдонууга даяр. Дагы айта кетсек, өтмөктө атайын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус каралган. Ошондой эле аларды жер алдындагы өтмөккө түшүрүүгө ылайыкташкан электр көтөргүчтөр бар. Бирок, тилекке каршы, даярдоочу завод жабдууларды жеткиргенге жетишпей калды. 10-октябрга чейин аларды орнотобуз деген убадабыз бар", - деп айтты Албек Ибраимов.
Мындан тышкары Албек Ибраимов борбор калаада оңдолуп жана курулуп жаткан өтмөктөр тууралуу айтып берди. "Азыркы убакытта дагы бир өтмөктө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Анын ачылышын 10-октябрда өткөрөбүз деген ишеничтебиз. Андан тышкары калаада дагы 2 өтмөктү куруп жатабыз. Бири "Аламүдүн" базарынын жанында, экинчиси "Мадина" базарынын жанында жайгашкан. Алардын бул өтмөктөрдөн айырмачылыгы унаажолду кесип өтүүчү жөө жүргүнчүлөр жер астынан эмес, жолдун үстүнөн өтүшөт", - деп кошумчалады мэр.