ЖЫЛНААМА, 12-СЕНТЯБРЬ: БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 49 жашка чыкты

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 49 жашка чыкты. Ал 1968-жылы 12-сентябрда Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылында төрөлгөн. 1990-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 2004-жылы ошол эле окуу жайдын юридикалык факультетин аяктаган.

Анын эмгек жолу өзү бүтүргөн университеттин мугалим жана тарых кафедрасына лаборант болуп башталган. Шайлдабекова Жогорку Соттун эл аралык жана парламенттер аралык комитетинин адиси, Жогорку Кеңештин эл аралык, тышкы экономикалык комитетинин эксперти, Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилигинин биринчи катчысы болуп эмгектенген. 2012-жылы президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүн жетекчиси кызматында үч жылдай эмгектенген. Андан соң президенттик аппараттын жетекчи орун басары кызматына 2015-жылы келген. Ал жерде бир жыл иштегенден кийин президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси болуп дайындалган.

12-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан