Интернетсиз өткөн жай. Балалык жана жаратылыш. Дүйнө жүзүндө балдардын бактылуу жашоосун сүрөткө тартып жүргөн таланттуу фотографтар эмгектерин эл аралык сынакка жиберип, финалчылар аныкталган. Эл аралык Child Photo Competition коомчулугу ар ай сайын фотографтар арасында тематикалык сынактарды өткөрүп келет. Алар 2017-жылы жай мезгилинде сүрөтчүлөргө гаджет, электроникасыз ойноп жаткан балдарды сүрөткө тартууну сунушташкан. Төмөндө финалга чыккан мыкты сүрөттөрдү тартуулайбыз.