Ош облусунан ажылыкка баргандар кайтып келе башташты

Сауд Арабияга ажылыкка Ош облусунан баргандар кайтып келе башташты. Муфтияттан кабарлашкандай, Ош облусунан баргандардын алгачкы тобу 11-сентябрда Ош аэропортуна келип түшүштү. Зыяратчыларды Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек Орунбаев жана ажылардын миңдеген жакын туугандары тосуп алышты.

Сауд Арабиядан ажылыктан келе жаткандарды "Флайнас" авиакомпаниясы ташып, ар бир каттамда 303 кишиден келишет. Алгачкы 3 каттам Бишкек шаарына конуп Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан жөнөп кетишкен ажылар кайтып келишмекчи. Андан соң калгандары 19-сентябрга чейин Жидда-Ош, Медина-Ош багыттары боюнча каттамдар менен келишет.

Эскерте кетсек, быйыл 2017-жылы Сауд Арабиясынын Ажылык министрлиги Кыргыз мамлекетине 4885 квота бөлүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан