Бүгүн, 12-сентябрда Улуттук статистика комитети басма сөз жыйынын өткөрүп 2017-жылдын январь-август айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Анын жүрүшүндө Экономикалык статистика жана улуттук эсептөөлөр башкармалыгынын башчысы Элвира Исенкулова аталган айлар боюнча Кыргыз өлкөсүнүн ички дүң продукциясынын көлөмү алдын-ала божомолдоо боюнча 282 миллиард сомдон ашып 6 пайызга өскөнүн билдирди.
Ошондой эле "Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 253 миллиард сомго жакындап, 3,6 пайызга, өнөр жай продукцияларынын көлөмү 144 миллиард сомду түзүп мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,4 пайызга жогорулаганын кошумчалады.
Ал эми демографиялык статистика жана эмгек рыногу бөлүмүнүн башкы адиси Айнур Шакенова 2016-жылда Кыргыз жериндеги жумуш менен камсыз болгондор жана жумушсуздар тууралуу айтып берди.
Маалым болгондой, 2016-жылы 15 жаштан жогору курактагы калктын экономикалык активдүү адамдарынын саны 2,5 миллиондон ашкан. Алардын 65 пайызы айыл жеринде жашаганы такталган. Жумуш менен камсыз болгондордун 27 пайызы айыл чарбасында, 16 пайызга жакыны соода жаатында, 12 пайызы курулушта, 9 пайызга жакыны билим берүү тармагында эмгектенет. Ал эми жумушсуздуктун деңгээли акыркы 5 жылда 8,4 пайыздан 7,2 пайызга төмөндөгөн.
Ошондой эле адис жумушсуздардын ичинен эркектерге караганда аялдар басымдуулук кыларын билдирди.
“Өлкөдө жумушсуздардын көпчүлүгү - 25 жашка чейинки айымдар. Себеби бул куракта алар турмуш куруп, бала төрөп үйдө отурууга мажбур болушат. Ал эми 45-49 жашка чейинки аялдардын ичинен жумушсуздардын басымдуу бөлүгү Баткенде катталса, жумуш менен камсыз болгон аялдардын көпчүлүгү Талас облусунда экени аныкталды”, - деди Шакенова.