Британиялык ишкер, миллиардер жана "Virgin Group" ишканасынын негиздөөчүсү "Ирма" бороону үйүн кыйроого учураткандан кийинки көрүнүшүн көрсөттү.
Миллиардердин Некер аралындагы хансарайын катуу шамал жер менен жексен кылган. Өзүнүн интернеттеги баракчасына сүрөт жана видеолорду киргизип: "Имараттардын көпчүлүк бөлүгү, дарактар кыйраган. "Ирма" бороону Некер аралында гана из калтырган жок. Анын тарыхы жашай турган үйүнөн айрылган он миңдеген адамдарда" деп жазат Брэнсон. Миллиардер катуу шамал болору айтылганда үйүн таштап кеткен эмес. Бороон бүткөнгө чейин шараптар сакталчу жер төлөдө отурушканын билдирген.
Брэнсон аянты 30 гектар болгон Некер аралын 1970-жылдары 180 миң долларга сатып алган. 10 миллион доллар сарптап жеке курортко айланткан. Ал жерде аптасына 40 миң доллар төлөп эс алууга мүмкүн эле.
"Ирма" – АКШнын атлантика жээгиндеги жана Кариб бассейниндеги өлкөлөрдү каптаган күчтүү бороон. Анын ылдамдыгы саатына 209 километрге жетет.